Өзүнө жакындатуу, өзүмсүнтүү, жакынсынып ылым саноо. Биз муну туугансып боорубузга тартканыбыз менен ал болбойт окшойт (Медетов). Эненин сүйүнчү коюн-кончко сыйбады, бечара элбиреп-делбиреп, өз кызындай ардактап, келинди бооруна тартты (Касымбеков). Жаманкул баланын жүрөгүндөгүнү козгой, өзүмсүнтүп бооруна тарта кайрылган (Өгөбаев).
өзүнө жакындатуу, өзүмсүнтүү, жакынсынуу, ылым саноо. Биз муну туугансып, боорубузга тартканыбыз менен ал болбойт окшойт (Медетов). Эненин сүйүнүчү коюн-кончко сыйбады, бечара элбиреп-делбиреп, өз кызындай ардактап, келинди бооруна тартты (Касымбеков). Жаманкул баланын жүрөгүндөгүнү козгой, өзүмсүнтүп бооруна тарта кайрылган (өгөбаев). В.: Боюна тартуу. Жатты жатыркатпай, чоочунду чоочуркатпай боюна тартат (Бейшеналиев). Сай сөөгү сыздай түшкөн Батыйна кичинекей сиңдисин боюна тарткансып Канымбүбүгө үйрүлө калып, жашын сүрттү (Сыдыкбеков). Боорго тартуу. Келгиндеримди пайдалуу дейсиң, Макул. Боорго тартып көрөлү (Бейшеналиев). Бооруна имерүү. – Жакшы бүлөнү душман колго алдырбай, өз бооруңарга имерсеңер боло (Байтемиров).